АК-СУУ РАЙОНУНУН МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ



Ак-Сууда ок тийип каза болгон 21 жаштагы жигиттин сөөгү жолдун жээгинен табылды

Turmush -  Ак-Суу районундагы жолдун жээгинен 21 жаштагы жарандын сөөгү табылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, ал Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 1996-жылы туулган тургуну А. экени аныкталды.
«Ушул жылдын 10-июнунда эртең менен жолдун жээгинен жаш жигиттин сөөгү табылды. Текшерүү учурунда ага ок тийип, каза болгондугу аныкталды. Анын жанында сайсыз мылтык болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тактоо иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
http://ak-suu-r.turmush.kg/news:326248

 

 


12.05.2017

Социалдык тармактар

Биздин дарек