АК-СУУ РАЙОНУНУН МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ



Айыл турмушу: Ак-суулук 80 жаштагы К.Бектемиров пенсияга чыккан соң сүрөтчүлүк өнөрүн өркүндөтүп, ыр жыйнагын чыгарды (фото)


Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 80 жаштагы тургуну Калык Бектемиров сүрөтчүлүк өнөрүн пенсияга чыккандан кийин өркүндөттү.
Кичинекей кезинен сүрөт тартууга кызыккан Калык Бектемиров анын балалыгы согуш жылдарына туш келгендигин айтат.
«Сүрөтчүлүк боюнча 3 жыл гана билим алып калдым. Себеби, жогорку билим алып жатканда аскерге кеттим. Андан келгенден кийин 80 жаштагы энем: «жалгызмын, мени ким карайт» деп окуума жибербей койгон. Атам мугалим эле. Ал Совет-фин согушуна катышып, тирүү келген. Кийин өзүнүн сурануусу менен Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы кетип, 1943-жылы курман болгон. Атамдан жалгыз мен калдым. Андыктан энемдин караганы мен элем. Ошентип, толук эмес жогорку билим менен 1961-жылы мектепте сүрөт сабагы боюнча мугалим болуп иштеп, 3 жылдан кийин совхоздун чарбасында бригадир, башкарма болдум. Бош убактымда сүрөт тартып, ыр жаза калчумун. Пенсияга чыккандан кийин бул өнөрлөрүмдү өркүндөттүм», - дейт ал.
Калык Бектемиров көбүнчө кагазга жаратылыштын сулуулугун көп түшүрөт. Ушул жылга чейин 200дөн ашык сүрөт тарткан. Ошондой эле, анын ырлары гезит-журналдарга жарыяланып, 5 ыр жыйнагы басылып чыккан.
«Сүрөт тартуу кымбатка турат. Жыгач, мыктардан өйдө сатып алам. Май, боёктор өтө кымбат болот. Билгендер сүрөтүмдү жакшы баага сатып алышат. Билбегендер чоң картиналарымды да 2-3 миң сомго сурашат. Бир айылдашымдын атасынын сүрөтүн тартсам, бир кой, 4 миң сом берди. Негизи сүрөттү сатуу үчүн деле тартпайм. Пенсияга чыккандан кийин 1997-жылдан баштап бош убактымда сүрөт тартып калдым. Ошол жылы эркин сүрөтчүлөрдүн арасындагы сынакта Нарын, Ысык-Көл облустары боюнча 1-орунду алгам», - дейт ал.
Ал Мария апа менен бирге  7 бала, 19 неберенин ата-энеси болушту.

 

 


05.06.2017

Социалдык тармактар

Биздин дарек