АК-СУУ РАЙОНУНУН МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ



Кыздын ролун аткарып чыккандан кийин ала качып кетишкен, - Ак-суулук аксакал Ж.Абдиев

Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургундары 1938-жылы туулган Жекше Абдиев менен 1939-жылы туулган Осина Абдиева баш кошуп түтүн булатканына быйыл туура 60 болду.
Алардын 6 баласы, 27 небереси, 37 чөбөрөсү жана 3 кыбырасы бар. Ж.Абдиев өмүр бою математика мугалими болуп иштеп, пенсияга чыкса, аялы Осина ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп, пенсияга чыгышкан. 80 жаштын тамагын ичип баштаган Жекше агай башынан өткөн 3 урунттуу окуяны аймактык кабарчыга айтып берди.
«Биринчиси - мен жарык дүйнөгө В.И.Ленин туулган күн 22-апрелде келипмин. Союздун убагында 22- апрель жок дегенде Лениндик ишембилик менен белгиленчү. Кесиптештерим, балдарым, куда-сөөктөр азыр да унутпай куттукташат.
Экинчиси -  мектепти аяктап жатканда мен мектептин драмалык ийриминин катышуучусу болчумун. Кыздын ролун аткарып, сыртка эс алганы чыкканда, оюн бүтө элек кез болчу Ичке-Жергез айылынын балдары ала качып кетишти. Ой, жигиттер мен эркекмин десем ала-гүү болгон эргулдар тоотушпайт, алдап жатасың дешип. Ошол жерден бир ой пайда болду, биротоло артист болоюн деген. Ыйлап кирсем, «кыз жыргаар жерине ыйлап келет» дешип жоолук да салышты. Карасам оюн чынга айланып бара жатат. Мени дааратканага чыгаргыла десем, эки келинди кошуп беришти. Түз эле эркекче даарат кылсам, эки келин чарылдап эле калды. Ага чейин күйөө боло турган жигит менен дагы бир жигит келип, эркек экенимди билгенден кийин кечирим сурашып, кайра үйгө жеткирип коюшту. Ал окуяны келин алган сайын эстеймин.
Үчүнчүсү Уулу Ата мекендик согушка кетип дайынсыз жоголду деген Койсойбосов Абды атабыздын сөөгү коюлган жер 70 жылдан кийин табылды. Анын сөөгү коюлуп, эстелиги салынган Санкт-Петербург шаарына эжем, анын балдары менен барып, туулган жеринин топурагын 2016-жылдын 21-майында алпарып салып куран окутуп келгенден кийин аш бердик»,- деди Жекше Абдиев 22-апрелде туулган белгилеп жатып.
http://ak-suu-r.turmush.kg/news:323694


12.05.2017

Социалдык тармактар

Биздин дарек