АК-СУУ РАЙОНУНУН МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ



Ак-Сууда 74 томолой жетим балага жардам берилди.

Ак-Суу районунун бардык айыл өкмөттөрүндө 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Иш-чарада сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулуп, спорт оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ошондой эле, концерттик программа тартууланып, бал муздак таратылды.
Ал эми «Ак-Суу» балдар үйүндө өткөрүлгөн иш-чарада демөөрчүлөр менен мекеме-ишканалардын жетекчилери материалдык жардам көрсөтүштү.
«Бул күнү район боюнча 16 жашка чейинки 74 томолой жетим балага жетекчилер тарабынан акчалай жардам жана азык-түлүк, кийимдер берилди. Райондук администрация тарабынан «Ак-Суу» балдар үйүнө жана «Кыялкечтер» инклюзивдүү балдар бакчасына жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары, 31-майдан 10-июнга чейин айыл өкмөттөрдө балдарга цирк көргөзүлгөнү турат», - дейт акимдин орун басары Гүлнара Орозбаева.
http://ak-suu-r.turmush.kg/news:325803

 

 


05.06.2017

Социалдык тармактар

Биздин дарек